USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Армения парламенттинин депутаттары жыйын учурунда мушташа кетти

14:24, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Армениянын Улуттук чогулушунда бүгүн башкаруучу «Жарандык келишим» партиясынын жана оппозициялык «Күчтүү Армения» фракциясынын депутаттары ортосунда массалык мушташ чыкты. Парламенттин жыйынын үзгүлтүккө учуратууга туура келди. Бул тууралуу NEWS.am.басылмасы жазып чыкты.

Түшүнбөстүк Эсептөө палатасынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулоо учурунда чыккан. Башкаруучу партиянын депутаты Тарон Чахоян оппозициялык фракциянын жетекчиси Нарек Карапетяндын үй-бүлөсүн катуу сынга алган.

Блок YouTube

Түшүндүрө кетсек, парламентарий Карапетяндын агасынын аялдардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштаган чырлуу билдирүүсүн эске салган.

1793259433595-14e7cfc3-02c9-4668-bd43-e1e25519b044-resized-850x570png-optimized.webp

Жооп катары Нарек Карапетян ордунан кыйкырып, андан соң трибунага карай баскан. Депутаттардын ортосунда оозеки кайым-айтыш башталып, ал бат эле кол көтөрүүгө айланган. Мүшташууга башка парламентарийлер да кошулушкан.

Чыр-чатактын жүрүшүндө Тарон Чахоян менен оппозициянын депутаты Гарник Давтян бири-бирине кол көтөрө башташкан. Жыйындын башка катышуучулары мушташкандарды ажыратууга аракет кылышкан.

Жыйынга төрагалык кылган парламенттин вице-спикери Рубен Рубинян башында болуп жаткан окуяны бардыгы көрүшү керек дегендейтыныгуу жарыялоодон баш тарткан.

Бирок мушташ массалык мүнөзгө ээ болгондон кийин жыйынды токтотууга туура келген. Залга коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылган.

Армян жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, мушташтын кесепетинен бир катар депутаттар жаракат алышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18