USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Ал ким? Ал менин досум»: Дональд Трамп Владимир Путинди көргөндө эмне деди?

13:17, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) саммитинин алкагында Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү өттү. Эки мамлекет башчысы 2025-жылдын август айында Анкориджде бетме-бет жолугушкандан берки алгачкы жеке жолугуусу болуп саналат.

Жолугушуунун коомчулукка ачык бөлүгү болжол менен бир мүнөткө созулду.

«Who is he? He is my friend» (»Ал ким?Ал менин досум»), — деди Дональд Трамп Владимир Путинди көрүп.

Путин менен Трамп кол алышты. Трамп РФ башчысын өзүнүн досу деп атап, көп жакшы натыйжаларды бере турган жемиштүү сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Путин жолугушуунун башталышына комментарий берген жок.

Сүйлөшүү бир саатка жетпеген убакытка созулду. Орусия тараптан сүйлөшүүлөргө ТИМ башчысы Сергей Лавров, вице-премьер — каржы министри Антон Силуанов, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев, ал эми америкалык тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана каржы министри Скотт Бессент да катышты.

Жолугушуудан кийин РФ президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Путин менен Трамп украиналык жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Трамп ЖМКнын суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен болгон жолугушуу Орусия, АКШ жана Кытайдын кийинки ийгиликтүү үч тараптуу жолугушуусуна негиз түзгөнүн айтты.

Анын сөзүнө караганда, Си Цзиньпин экөө Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды аяктоого көмөктөшүүнү каалашат.

Азыр үч өлкөнүн башчылары форумдун башкы окуясы — лидерлердин саммитине даярданышууда. КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Орусия президенти Владимир Путин жана АКШ башчысы Дональд Трамп ядролук куралдарды көзөмөлдөө боюнча жаңы макулдашууну талкуулашы, ошондой эле Ирандагы согушка жана Түндүк Кореянын айланасындагы кырдаалга токтолушу мүмкүн.

Буга чейин украиналык маселе талкууланбай турганы баса белгиленген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18