80 жаштагы Лула да Силва төртүнчү ирет Бразилиянын президенти болуп шайланды
Бразилияда кечээ президенттик шайлоонун экинчи туру аяктады. Өлкө президентинин кызмат ордуна төртүнчү ирет Луис Инасиу Лула да Силва кайрадан шайланды. Бразилиянын шайлоо сотунун алдын ала маалыматтары боюнча, экинчи турда ал шайлоочулардын 51,79 пайыз добушун алды.
Ошентип, Лула да Силва өзүнүн мурунку мураскери Жаир Болсонарунун уулу — Флавиу Болсонаруну артта калтырды, ал шайлоочулардын 48,21 пайыз колдоосуна ээ болгон.
Саясатчы жеңилгенин моюнга албай, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууну көздөп жатат.

Луле да Силва 80 жашта. Ал 2003–2010-жылдары Бразилиянын президенти болгон, кийинчерээк коррупция боюнча иш алкагында бир жарым жыл камакта отурган. 2021-жылы өлкөнүн Жогорку соту андан бардык айыптоолорду алып салган.
2023-жылы Лула да Силва Жаир Болсонаруну жеңип алып, анда үчүнчү президенттик мөөнөткө шайланган.
Президентти инаугурациялоо аземи 2027-жылдын январь айында өтөт. Ошол учурда ал 81 жашка толуп, Лула да Силва өз өлкөсүнүн тарыхындагы эң кары президент болуп калат.