USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары −2026: Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров күмүш байге багындырды

15:25, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.

эрлан.png

 

 

Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган

Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен кез келди. Кыргызстандык спортчу 10:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18