«Реал» Арда Гүлер менен келишимди 2032-жылга чейин узартты
Мадриддик «Реал» Түркия курама командасынын жарым коргоочусу Арда Гүлер менен келишимди үч жылга узартканын жарыялады.
21 жаштагы футболчунун мурунку макулдашуусу 2029-жылдын жайына чейин эсептелген болчу.
«Реал» жана Арда Гүлер оюнчубуздун келишимин узартуу боюнча макулдашышты. Эми ал клуб менен 2032-жылдын 30-июнуна чейин байланышта болот», — деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.
Гүлер «Реалга» 2023-жылдын жайында «Фенербахчеден» 30 миллион еврого өткөн. Ал мадриддик клубдун курамында 126 беттеш өткөрүп, анда 22 гол киргизип, 32 голдук пас берген.
«Реалдын» курамында Гүлер Ла Лиганы (2024), Испания Суперкубогун (2024), Чемпиондор Лигасын (2024), УЕФА Суперкубогун (2024) жана Континенттер аралык кубокту (2024) жеңип алган. Өткөн сезондо ал Чемпиондор Лигасынын мыкты жаш оюнчусу деп табылган.
Бул сезондо Гүлер «Реал» үчүн бардык турнирлерде 14 беттеш өткөрүп, төрт гол киргизип, жети голдук пас берди. Ла Лигада 21 жаштагы жарым коргоочу 12 беттештин 10унда негизги курамда талаага чыкты.