USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Качырып ийбе! Бүгүн «Ак шумкарлар» Вьетнамдын курамасы менен беттешет

11:04, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнамдын улуттук курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, оюн Вьетнамдын Намдинь шаарында «Тхиенчыонг» стадионунда өтөт. Беттеш Кыргызстандын убактысы боюнча, саат 18:00гө туура келет.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар буга чейин Кытайдын курамасы менен беттешип, атаандашын 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүнкү беттеш 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия кубогуна даярдыктын маанилүү баскычтарынын бири болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18