ФИФА президенттин шайлоо: Жанни Инфантино 30дан ашуун өлкөгө барды
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино март айында өтө турган шайлоонун алдында эл аралык байланыштарын активдештирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, уюмдун коммерциялык ишмердүүлүгүнө тышкы инвесторлорду тартуу боюнча талаштуу пландан баш тарткандан кийин, ал 30дан ашуун өлкөгө жана аймакка барып, ондон ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле улуттук футбол ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, мындай активдүүлүк Инфантиного инвестициялык демилгесине карата айтылган сындан кийин колдоону кайра калыбына келтирүүгө жардам берди. Тактап айтканда, Азия футбол конфедерациясы (АФК) жана Кариб футбол союзу анын кайра шайланышын колдой турганын жарыялашты. Буга чейин АФКнын жетекчилиги УЕФА жана КОНКАКАФтын өкүлдөрү менен бирге инвесторлорду тартуу боюнча сунушталган планды сынга алышкан болчу.
Шайлоо кампаниясынын маанилүү фактору катары каржылык сунуштар да айтылууда. Инфантино кийинки төрт жылдын ичинде ФИФАнын 211 улуттук ассоциациясынын ар бирине төлөнүүчү каражатты 25 миллион долларга чейин көбөйтүүнү убада кылды. Буга чейин 10 миллион доллардан бөлүү пландалган эле. Уюмдун 2027–2030-жылдарга карата жалпы каржылоо көлөмүн 6,35 миллиард долларга чейин көбөйтүү сунушталууда.
УЕФАнын башкаруу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Алекс Филлипс Инфантинонун эл аралык иш сапарларын анын шайлоо алдындагы кампаниясынын бир бөлүгү деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет башчылары жана футбол федерацияларынын жетекчилери менен болгон жолугушуулар потенциалдуу атаандаштарга азыркы президенттин артыкчылыктарын көрсөтүп турат.
Ошол эле учурда Инфантинону колдоо маселеси бир кылка эмес. 55 добушка ээ болгон УЕФА анын кайра шайланышына каршы чыгууда. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн кеминде 106 добуш алуу зарыл. Ал эми АФК менен Кариб футбол союзунун колдоосу ФИФАнын азыркы жетекчисинин позициясын кыйла бекемдейт.
Инфантинонун потенциалдуу атаандаштарынын катарында Япония футбол ассоциациясынын мурдагы президенти Кодзо Тасима жана Швейцария курама командасынын мурдагы футболчусу Рамон Вега аталууда. Ошондой эле басылманын маалыматы боюнча, айрым футбол функционерлери учурда ФИФАда иштеп жаткан «Арсеналдын» мурдагы машыктыруучусу Арсен Венгерди шайлоо жарышына кошулууга көндүрүүгө аракет кылып жатышат. Талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы мөөнөтү — 18-ноябрь.