ЖК депутаты Бекмурза Эргешов каратэ боюнча дүйнө чемпионатта үчүнчү орунду утту
Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов 9-15-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV дүйнөлүк биринчиликке катышып, коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдеште 47 өлкөдөн келген 1140 спортчу жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашты.
Аталган биринчиликте Кыргызстандын намысын 55 спортчу коргоду. Алардын катарында депутат Бекмурза Эргешов 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ дисциплинасы боюнча үчүнчү орунду ээледи.
Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздашты.