150дөн ашуун өлкө пандемияны алдын алуу боюнча саясий декларацияны колдоду
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы пандемиялардын алдын алуу, аларга даяр туруу жана чара көрүү маселелери боюнча саясий декларацияны кабыл алды. Документти 153 мамлекет колдоп добуш берди, 3 өлкө каршы чыгып, 2 өлкө калыс калды.
Алгач декларацияны 25-сентябрда Нью-Йоркто өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууда консенсус менен кабыл алуу пландаштырылган. Бирок АКШнын каршылыгынан улам документти макулдашууга мүмкүн болбой, добуш берүүгө коюлган.
Декларацияда COVID-19 пандемиясынын сабактарына карабастан, дүйнө дагы эле саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы глобалдык коркунучтарга жетиштүү деңгээлде даяр эмес экени баса белгиленет. Мамлекеттер алдын ала кабарлоо системаларын чыңдоого, вакциналарга, дары-дармектерге жана диагностикага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана саламаттыкты сактоону туруктуу каржылоону камсыз кылууга милдеттенишет.
Өлкөлөр ортосундагы теңсиздикке өзгөчө көңүл бурулат.
Документте белгиленгендей, пандемияга даярдык көрүү чараларын каржылоонун тартыштыгы жылына 15 миллиард долларды түзөт.
Сентябрь айындагы жолугушуунун катышуучуларына кайрылуу жасап жатып, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясы адамзатка оор сабак бергенин эске салды. Азыркы өз ара байланышкан дүйнөдө бир дагы өлкө өзүн жалгыз коргой албайт.Ал пандемияга каршы туруунун эл аралык системасын адилеттүүлүк, тилектештик жана биргелешкен жоопкерчилик принциптеринде курууга чакырды.