14:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Спортчулардын чет өлкөгө сапарлары үчүн кошумча 37 миллион сом бөлүнөт

Спортчулардын чет өлкөгө сапарлары үчүн кошумча 37 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдайт.

2018-жылга бекитилген республикалык бюджет боюнча Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттикти каржылоого 860 млн 324,2 миң сом каралган. Анын ичинен 186 млн 12,9 миң сомду кызматтык сапарларга кетчү чыгымдар.

Андан тышкары, 2018-жылга республикалык бюджетке сунушталган түзөтүүлөргө ылайык спортчулардын иш сапар чыгымдарына 37 млн сом суммасында каражаттар кошумча каралууда.

Аталган ведомствону факт жүзүндө каржылоо 2017-жылы 709 млн 231 миң сомду түзгөн. 2019-жылга республикалык бюджеттин сунушталган долбоорунда бул сумма 865 млн 435,5 миң сомго чейин көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби