16:02
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

Москва шаарында кыргызстандык ишкерлердин форуму өтөт

Москва шаарында кыргызстандык ишкерлердин форуму өтөт. Бул боюнча «Табарман» форумунун уюштуруучулары маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, мигранттардын форуму бул жолу сулуулук жана мода тармагында иштеген ишкерлерди топтойт. «Табарман бьюти» форумунда белгилүү ишкерлер, алып баруучу жана шоу-бизнес өкүлдөрү чакырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Москвадан иштеген кыргызстандык мигранттар «Табарман» бизнес форумун өткөрүшкөн. Москвадагы кыргыз ишкерлери медицина, сулуулук, коомдук тамактануу, курулуш жаатында иш алып барышат.

Эң көп окулган жаңылыктар