15:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутат Тынчтык Шайназаров апасы кантип акча табарын айтып берди

Депутат Тынчтык Шайназаровдун апасы чие (гилас) сатып канча акча табат. Бул тууралуу депутат бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал апасынын жыл сайын чие сатып, андан 1 миллион сом киреше табаарын билдирди. Апасы 1,5 гектар жер аянтын иштетет.

«Көп адистер Кыргызстандын жери жакшы деп айтышат. Мисалы, Ысык-Көлдө абрикос жакшы өсөт, «Ала-Тоо» совхозунда алмалар жакшы түшүм берет. Эмне үчүн мындай чарбаларды өнүктүрбөшүбүз керек», -деди ал.

Депутат Таалайбек Масабиров Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнө өсумдүктөр фураларга жүктөлөрдүн алдында химиялык коргоодон өтөбү деп сурады. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, мурда фитосанитардык кызмат бул ишти аткарып келген. Учурда химиялык коргоодон өтпөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар