06:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат чек ара кызматынын чыгымын азайтуу үчүн Ошко которууну сунуштайт

Депутат чек ара кызматынын чыгымын азайтуу үчүн Ошко которууну сунуштайт. Бул тууралуу «Өнүгүү -прогресс» фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Депутат чек ара чатактары көбүнчө Тажикстан жана Өзбекстан менен болоорун эске салып өттү.

«Ал жакта бир чатак чыкса, төрага орун басарлары менен учуп барып кайра келет. Бул дагы чыгым. Анүстүнө барып келгенден маселе чечилбейт», — деди Тынчтык Шайназаров.

Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев реформанын жүрүшүндө, төрт тепкичтүү башкаруудан үч тепкичке өткөндүгүн жана ар бир облуста чек ара башкармалыктары ачылгандыгын маалымдады.

«Капитан наамындагы аскер кызматкерлери баардык суроолорду облустук башкармалыкта чечишет. Аларга коңшу мамлекет менен маселелерди чечүүгө дагы шарттар түзүлгөн» — деди Уларбек Шаршеев.

Уларбек Шаршеев, бирок зарыл болсо өлкөнүн түштүк аймагына барып кызмат өтөөгө даярдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума