УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен облусунун 1989-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды.
Азыркы убакта кармалган киши материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирүүдө.