03:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бакыт Шаршембиев депутаттан 1 миллион сом өндүрүп алууну ниеттенүүдө

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко берет. Бул маалыматты 24.kg агенттигине анын өкүлдөрү билдиришти.
 
Бакыт Шаршембиев депутаттан 1 миллион сом өндүрүп алууну ниеттенүүдө. Мындан тышкары эл өкүлү жарыяланган маалыматты четке кагышы керек. Бакыт Шаршембиевдин пикиринде депутаттын айткандары анын намысына доо келтирүүдө.
 
Эске салсак, буга чейин депутат аталган комитеттин төрагасы 8 кылмыш ишине тийиштиги бар деген маалыматты айтып чыккан. Бакыт Шаршембиев өзү бул билдирүүнү четке кагып, эл өкүлүн сотко берем деген.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума