16:48
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүү жарандар кармалды

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү  боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуяга шектүү 2 жаранды Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына алып келишти.

Эске салсак, кечээ Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө орун алган жол кырсыгында Маматназар Жакыпбаев унаанын ичинде болгон. Окуянын катышуучулары ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, ал экинчи унаанын айдоочусу менен уруша кеткен. Ал жыгылып түшүп, башы жолдун чекечиндеги бордюрга тийип ошол жерден каза болуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар