22:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары каза тапты

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев башынан алган жаракаттан улам каза тапты. Бул тууралуу жеке булак билдирди.

Маалыматка ылайык, Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө орун алган жол кырсыгында Маматназар Жакыпбаев унаанын ичинде болгон. Окуянын катышуучулары ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, ал экинчи унаанын айдоочусу менен уруша кеткен. Ал жыгылып түшүп, башы жолдун чекесиндеги бордюрга тийип ошол жерден каза болуп калган.

Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.



Эң көп окулган жаңылыктар