Москва шаарында 23 жаштагы кыргызстандыкты унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу «MK.ru» маалымдайт.
Кыргызстандык мээси чайкалып ооруканага жеткирилди.
Унаа Москва шаарынын баңги заттын жүгүртүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынны жетекчиси Юрий Девяткиндин кызматтык уунасы экендиги жана рулда анын айдоочусу болгондугу аныкталды.
Мигрант досу менен бирге жолдун ортодон кесип өтүп бара жаткан.