01:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын саны 100 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

«Муну айткан себебим — бул жерде чоң коррупциялык схема бар дешет. Тиешелүү органдар аларды калкалап, ошолордун жардамы менен алар жумушун кылып же кандайдыр бир башка иштер менен алектенип жүрүшөт. 100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот», — деди депутат.

Таабалды Тиллаев Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып, өкмөттү ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Кыргызстандын өзүнүн миллиондон ашуун жараны учурда чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт.

Ошол эле учурда кийинки жылдары Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кытайдан келгендер өлкө ичинде калып, иштеп жатканы, алар көбүнчө курулуш тармагында арзан жумушчу күч катары колдонулуп жатканы айтылып келатат.

Эң көп окулган жаңылыктар