09:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков мекенимден эч жакка кетпейм деп айтканына карабай абакта калтырылды

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков абакта калтырылды. Бул боюнча чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Анын жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун аны 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Исаков 5-июнда камакка алынган.

Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экендигин, өлкөдөн чыгып кетпестигин айтып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар