24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Ымыркайга жаназа окулабы?
Жооп: Эгер бала тирүү төрөлүп, анын үнү угулуп, кыймылы байкалган болсо, анда жерге берүүдө чоң кишидей эле жөрөлгөлөр сакталат. Аны ороп, кепинге ороп, жаназа түшүрүп көмүшөт. Жерге берерден мурда ат коюлат. Анткени ал өлүк төрөлүп, жарык дүйнөнү көрбөсө дагы, адам катары калыптанган. Ошондуктан аны адам катары узатышат.