15:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстан: «Союз» кемеси кырсыкка учураганда жерге 22 тонна май төгүлгөн

Казакстанда «Союз» космос кемеси кырсыкка учураган маалда жерге 22 тонна күйүүчү май төгүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо жана аэрокосмикалык өнөр-жай министринин орун басары Марат Нургужин билдирди.

«Күйүүчү майдын негизги бөлүгү 47 чакырым бийиктикте күйгөн. Болжол менен калган 22 тонна керосин жерге төгүлгөн. Керосин анча чоң коркунуч жаратпагандыктан, анын бул өлчөмү жол берилген концентрациядан ашпайт. Бирок ошентсе да азыр бул боюнча комплекстик иликтөө жүргүзүп жатабыз», — деди Марат Нургужин.

11-октябрда эртең менен Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулган «Союз МС-10» кемеси кырсыктап, астронавттар кайра кайтууга аргасыз болушкан.

Маалыматка караганда, кеме асманга көтөрүлгөндөн кийинки үчүнчү мүнөттө кырсыкка кабылган. Түртүүчү ракетанын экинчи блогу ажырап жаткан маалда кыймылдаткычы иштебей калып, кеменин бөлүктөрү ажырап жерге кулап түшкөн. Космонавттар Алексей Овчинин менен Ник Хейг парашюттун жардамы менен блоктун бир бөлүгүн жерге кондура алышкан.

Бул кырсыктан кийин Орусия бардык кеме учурууларын убактылуу токтотту.

Эң көп окулган жаңылыктар