21:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Четте иштегендер кесиптик кошуун түзөт

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси талкууланып жатат. Демилгечилер Кесиптик кошуун мигранттарга укуктук жактан жардам алууга шарт түзүп, жаңы уюм орусиялык «Новопроф» кесиптик кошууну менен өнөктөш иш алып бара турганын айтып жатышат.

Мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгесин көтөргөн баткендик укук коргоочу Гүлнара Дербишеванын айтымында, мигранттын укугун бир жагынан жумуш берүүчү бузса, экинчи жагынан документ текшерген полиция кызматкерлери, үчүнчү жагынан аларга жасалма документ жасап берип койгон шылуундар бузуп жатат. Башына түйшүк түшкөн мигрант кимге барып арызданарын билбейт. Эми кесиптик кошуун түзүлсө, алар өз укуктарын коргой алышат.

Мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси Кыргызстандын түштүк аймагында көтөрүлүп жатат. Долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында мигранттардын катышуусунда талкууланды. Азырынча мигранттардын кесиптик кошуунуна мүчө болгон жарандар айына 50 сомдон мүчөлүк акы төлөшөт.

Гүлнара Дербишеванын айтымында, бул каражат алгач кесиптик кошуундун ишин жылдырууга жумшалса, андан кийинки кадамда мигранттардын эмгек укугун коргоодогу кызыкчылыктарга жумшалат.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 600 миңден ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарга таянсак алардын саны бул көрсөткүчтөн эселеп көп.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума