07:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Теңирчиликти диний уюм катары каттоо талабы кайра көтөрүлдү

Кыргызстанда айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла албай жатканына нааразы болуп чыгышты. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан.

Теңирчиликти колдой турганын айткан «Кыргыз эл касиети академиясы» коомдук уюмунун өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, диний уюм катары расмий катталмайынча үгүт жүргүзө албасын айтып, нааразы болушту.

Уюмдун өкүлү Нашарат Жакыпбеков мамлекеттин колдоосу болбогондуктан бир катар илимий иштер, изилдөөлөр жүргүзүлбөй жатканын билдирди.

«Эгерде комиссия каттоого ала турган болсо биринчиден, биз укуктук алкакта кандайдыр күчкө ээ болмокпуз. Экинчиден, кайып илимин кайрадан Жаратканга алып келгенге мүмкүнчүлүк алмакпыз. Мектептер, кандайдыр бир уюмдар ачылмак», — деди ал.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Шаршенаалы Кабатегин алар башка диндер катары ири иш-чараларды өткөрө албай жатышканын, кыргыздар ата-бабаларынын байыркы дини — теңирчиликке кайтуу керек экенин, кыргыз философиясы, салт-санаасы унутта калып жатканын белгиледи.

Өлкөдө теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүү демилгеси он жылдан бери көтөрүлүп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар