21:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чоң-Алайдагы айыл өкмөттөрүнөн 7,9 миллион сомго каржы бузуулары аныкталды

Чоң-Алай районунун айыл округдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 7 млн 893,5 миң сомго каржы бузуулары аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирет.

Алардын маалыматында, Чоң-Алай башкармалыгы, «Чоң-Алай», «Жекенди», «Кашка-Суу» айыл аймактыктары жана Чоң-Алай районундагы региондорду өнүктүрүү фондунда аудит жүрдү. 

Жалпы каржы бузууларынын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги — 53,5 миң сом, эмгек акыларды негизсиз төлөө — 107,1 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 4 млн 822,5 миң сом, анын ичинен: командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөө — 85,7 миң сом, монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу 2 млн 221,0 миң сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланылышы — 439,0 миң сом, дебитордук жана жашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар — 117,5 миң сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешесине кошумча кошуп эсептелгендер — 43,3 миң сом.

Каржы бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 7 млн 786,4 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудитин жүрүшүндө 651,6 миң сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, 384,5 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, электр энергиясын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ченемден ашыкча пайдалануунун натыйжасында.

Материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу боюнча, ошондой эле курулуш монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу боюнча материалдарга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума