21:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жыл башынан бери мигранттар 1 миллиард 744,2 миллион доллар которушту

2018-жылдын сегиз айында Кыргызстанга 1 миллиард 744,2 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 2017-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 163,4 миллион долларга көп акча келген. Адаттагыдай эле Россияда иштеген мигранттар мекенине эң көп каражат жолдошкон. Бул 1 миллиард 712,3 миллион доллар. Андан кийинки орунда АКШда иштеген мекендештер турат (16,8 миллион доллар).

Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 2018-жылы 336,2 миллион доллар жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума