10:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жогорку Кеңештин депутаты мектепте мугалимдин ордуна сабак өттү

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов мектепте мугалимдин ордуна сабак өттү. Бул тууралуу фракциядан билдиришти.

Алардын маалыматында, депутат Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, мугалимдерди майрамы менен куттуктады.

«Жыргалбек Турускулов парламент жөнүндө айтып берди. Окуучулар депутат менен болгон жолугушууга оң баа беришти», — дейт фракция.

Эң көп окулган жаңылыктар