05:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Социалдык өнүгүү министри жана орун басары Башкы прокуратурага чакырылды

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытованы маектешүүгө чакырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аткаминерлерди аталган министрликтин жетекчилиги бюджеттик каражаттын эсебинен чет жерге чыгат деген маалыматтын алкагында суракка алышты. Жетекчи айымдар түшүндүрмө жазышты.

Эске салсак, депутат Аида Касымалиева буга чейин аталган министрликте аткаминерлер дипломатиялык паспорту менен чет өлкөгө мыйзамсыз барууда деп айтып чыккан. Ведомство бул маалыматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар