19:00
USD 69.35
EUR 80.36
RUB 1.05

ТИМ Казакстандагы элчиликке талапкер сунуштады

Кыргызстандын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчилигине Жээнбек Кулуевдин талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлигин бүгүн Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет бекитти.

Отурумда депутаттар ТИМдин талапкерди жабык режимде талкуулоо сунушунан баш тартышты.

Эске салсак, аталган элчиликтин кызмат орду 2 жылдан бери бош турат.

Жээнбек Кулуев 2007-2009-жылдары ТИМдин башчысынын орун басары болуп иштеген. 2013-жылы Азия жана Африка Департаментинин директору, акыркы жылдары ошол эле департаментте араб өлкөлөрү менен байланыш маселелерин алып баруусу адис катары эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар