04:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Вице-мэри Геннадий Милицкий кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Унаа маселелери боюнча жооптуу Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий кызматтан кетүү тууралуу арызын өз ыктыяры менен жазды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, анын милдетин убактылуу шаардык аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев аткарып турат.
 
Эске салсак, Геннадий Милицкий 2015-жылы вице-мэр болуп шайланган. Буга чейин ал Бишкек троллейбустук башкармалыгын жетектеп келген.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар