08:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Коопсуз шаар». Аукциондун жеңүүчүсү менен келишимдер иштелип жатат

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров 24.kg агенттигине «Коопсуз шаар» долбоору качан ишке кире тургандыгын айтты.

Анын билдирүүсүндө, учурда аукциондун жеңүүчүсү менен келишимдер иштелип жатат. Келишим боюнча жабдыктарды этап менен киргизүү каралган.

«Долбоорду ишке ашыруудагы эң акыркы мөөнөт- келишимге кол коюлгандан тарта 6 айдан кем эмес убакыт. Эгерде аткаруучу тарап аталган мөөнөттө ишти аткарбаса, анда туум эсептеле баштайт», -деди Кубаныч Шатемиров.

Ал билдиргендей, жеңүүчү менен качан келишим түзүлөт, азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар