12:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

УКМК Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду

УКМК Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун курулушунда бааларды жогорулатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу тартип укугу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин отурумунда аталган ведомствонун расмий өкүлү билдирди.

Маалым болгондой, кызмат бааларынын көтөрүлгөндүгү үчүн мамлекетке 729 миң доллар чыгым келтирилген.

«Долбоор боюнча подрядчик катары «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы иш алып барууда. Кылмыш ишин козгоого негиз болуп «Кыргыз жол курулуш» ЖЧКнын арызы эсептелет. Учурда кылмыш иши иликтенүүдө. Азырынча эч кимге күнө коюла элек», — деди УКМКнын өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби