22:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абадда ири өлчөмдөгү салыктарды жашыруу фактысынын бети ачылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдөгү салыктарды жашыруу фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу аталаган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке ишкер спирт ичимдиктерин дүң баада сатуудагы салыктарды жашырып, салык кызматынын башкармалыгына туура эмес отчетторду берип жүргөт деген күмөн жаралган. Аталган башкармалык 2017-жылдын 4-апрелинен 2018-жылдын 1-майына чейинки мезгилде жеке ишкерге жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында, жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашык салыктар жана төлөмдөр эсептелген. Кийин кошумча текшерүү жүргүзүлгөндө ал жеке ишкер бул кылмышка эч кандай тиешеси жок экени аныкталды.

Билдирүүгө ылайык, Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну аталган ишкердин ишенимине кирип, анын атынан алкоголдук товарларды ташып, салыктарды жашырып жүргөн.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума