00:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бир айда майнингден 10,4 миллион сом салык түшкөн

Июль айында майнинг компаниялары мамлекеттик бюджетке 10 миллион 414,8 миң сом салык төккөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттунда маалымдалат.

Ага ылайык, жети айдын ичинде гана өлкө казынасына майнингден 44 миллион 198 миң сом которулган. 

Төгүүлөр жылдын экинчи кварталында көбөйгөн. Апрелден июлга чейин мамлекетке 37 миллион 540,6 миң сом төлөнгөн. Бул жалпы сумманын 85 пайызын түзөт.

Бул тармактан эң көп каражат июнь(10 миллион 544,3 миң сом), июль (10 миллион 414,8 миң сом) айларында түшкөн. Ал эми эң аз февраль айында — 738 миң сом төлөнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар