15:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Арча-Бешик конушунда гепариндин ири партиясы табылды

Арча-Бешик конушунда бир үй-бүлө гепарин жана башка препараттарды үйүнөн кымбат баада саткан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин тургундары Каржы полияциясына, белгисиз адамдар интернетте гепарин дарысын сатуу боюнча жарнак жарыялаганын айтып, кайрылышкан.

«Каржы полициянын өкүлдөрү 70 миң сом өлчөмүндөгү 100 таңгак дары сатылганын аныкташты. Үйдү текшерүү учурунда гепарин препаратынын ири партиясы табылган. Азыр биз сотко чейинки өндүрүштү баштадык жана алардын келип чыгышын (алардын Кыргызстанга кандайча жеткирилгендиги, белгиленген сапатка ылайык келеби) тактап жатабыз», — деп берилет маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар