11:24
USD 79.35
EUR 92.87
RUB 1.04

Салык декларациясын тапшыргандардын саны 138 миң 246га жетти

2019-жылдын 5-мартына карата салык декларациясын тапшыргандардын саны 138 миң 246га жетти. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү салык декларациясын 42 миң 216 юридикалык жак, 55 миң 821 жеке ишкерлер жана 14 миң 751 жеке жактар тапшырышты.

Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык 19 миңден ашуун кызматкер декларациясын тапшырды.

Ушул жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар кирешеси тууралуу маалыматтарды тапшырышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар