09:19
USD 89.47
EUR 96.43
RUB 0.97

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө бир жарым жума калды

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай мүлктөрүнүн жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыкты өз убагында төлөөгө чакырды.

Эске салсак, төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда бүтөт. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин — турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар