2018-жылы электр энергиясына болгон баалар көтөрүлбөйт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин башчысы Нурбек Мурашев билдирди.
Айтымында, учурда 2019-2023-жылдарга карата тариф саясаты иштелип жатат.
«Бишкек ЖЭБдеги кырсык үчүн тариф саясатын кийинчерээк кароону чечишти», — деди Нурбек Мурашев.