07:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абадда апта ичинде мыйзамсыз колдонууда жүргөн 11 ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад милициясы апта ичинде жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз колдонууда жүргөн 11 сайсыз ок атуучу куралды алды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Андан тышкары, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүүдө 3 сайлуу ок атуучу курал кармалды. Тогуз-Торо районунан 2 даана жана Ноокен районунун аймагынан 1 даана сайлуу ок атуучу курал алынды.

Тогуз-Торо районунун Сары-Булун айыл аймагында аталган айылдын 1981-жылы туулган Н.Бактыбек аттуу тургуну 2 даана сайлуу (ТОЗ-8) ок атуучу курал жана ок дарылары менен кармалды. Текшеруу учурунда куралдарга тиешелуу документтери жок болуп чыкты.

Ноокен районун Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну 35 жаштагы Абдрахман аттуу тургундан эч кандай документи жок мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 7 даана ок дарысы менен алынып тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар