11:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Былтыр «Кумтөр» кенинде 17,5 тонна алтын өндүрүлгөн

2017-жылы «Кумтөр» кенинде 17,5 тонна алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Дэниел Дежарден менен жолугушуу маалында белгилүү болду. 

Маалыматка караганда, бул жылы 15 тоннага жакын алтын өндүрүү пландаштырылган.

«Ушул жылдын аягына чейин 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага жакын айырмачылык түзүлөт, бул Кумтөр кенинин, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансы-экономикалык абалына өз таасирин тийгизет. Буга катар 2018-жылдын экинчи кварталында пландаштырылган көлөмдөн 16 %га аз алтын өндүрүлгөн», — деп кошумчалады Кубатбек Боронов. 

Өз кезегинде компаниянын президенти Дэниел Дежарден «Кумтөр» кенинин 2018-жылга чейинки өндүрүштүк көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдап, кен казуу боюнча план пландаштырылган убактысына карата эки ай алдыга аткарылганын билдирди.

Бул алтын казуу фабрикасында алтын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн үчүнчү жана төртүнчү кварталда көбөйтүүнү шарттайт. 2018-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» компаниясы тарабынан 14,9 тонна деңгээлинде алтын өндүрүү пландаштырылган. Бирок 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын өндүрүү мерчемделгенден жогору болот.

Дэниел Дежарден

Эң көп окулган жаңылыктар