00:55
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Кыргызстанда жарандардын 65 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган

Кыргызстанда жарандардын 65 пайызы медициналык жактан камсыздандырылган. Бул тууралуу маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

Айтымында, ММКФ системасында негизинен пенсионерлер, 16 жашка чейинки балдар жана иштеген жарандар катталган. Фонд жыл сайын 60 миң полис берүүдө. Каалагандар медициналык камсыздандырууну сатып алса болот. Бир жылдык баасы 1 миң 200 сомду түзөт.

ММКФнын маалыматы боюнча, жыл сайын 138 стационардык мекемелерде 1 миллион бейтап дарыланып чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар