19:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын өкмөтү былтыр май айында кабыл алышкан. Бул боюнча мыйзамды ошол эле жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, июлда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Макулдашууга ылайык, аталган фонд Кыргызстанга 30 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлмөк. Өкмөт бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салууга убада берген. Бирок дээрлик бир жылдан бери акча да түшкөн жок, мектептердин курулуштары да баштала элек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери Токтомамат Зикирбаев келе турган каражатка мурда пландалгандай 16 мектеп эмес, 27 мектеп курула турганын, бул кеңешүү менен чечилгенин айтты.​

«Буга Сауд өнүктүрүү фонду деле макулдук берген. Алар биз жумушту баштаарыбыз менен акчаны которушат. Мектептер ар бир облуста курулат. Алгач 16 мектепке тендер жарыялап, ишти баштайбыз. Алардан ашкан акчага калган мектептерге жетээрлик кылып бөлүштүрөбүз», — деди Токтомамат Зикирбаев.

Сауд өнүктүрүү фонду каржылачу мектептерге тендерлер жыл аягына чейин жарыяланышы мүмкүн.

Сауд өнүктүрүү фонду мындан сырткары ушундай эле шартта Кыргызстанда заманбап балдар ооруканасын курууга да 30 млн. доллар көлөмүндө насыя бөлгөнү турат.

Эң көп окулган жаңылыктар