22:00
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чукул билдирүү. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

21-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.

21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16...21°,

Талас өрөөнүндө 13...18°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20...25°;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 11...16°.

Ал эми тоолуу райондордо +5...+10° болсо, бийик тоолуу райондордо 0...-5° суук түшүшү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар