07:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Бел айылынын дайынсыз жоголгон 3 жарым жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган Ы.Нурдинди ата-энеси 5-сентябрда таппай калышкан. Аны акыркы жолу үйүнүн жанындагы Кара-Суу чоң суусунун боюнда ойноп жатканда көрүшкөн. Ошол күндөн бери куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп келишкен.

Буга чейин бала сууга аккан жерден 100 метр аралыктан бут кийиминин бир түгөйү, 400 метр алыстан экинчи бут кийими табылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар