Бишкектин жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:
Бишкек шаарында
18-19-сентябрда —Волков, Месарош, Дубосековский, Кайназаров көчөлөрү менен чектеш райондордо;
19-2-сентябрда —Айни, Кудайбергенов, Сухомлинов, Табалдиев көчөлөрү менен чектеш райондордо;
20-21-сентябрда —Профессор Зима, Баялинов, Манас, БЧК көчөлөрү менен чектеш райондордо;
Жалал-Абад шаарында
19-сентябрда (9.00-16.00) — Жалал-Абад шаарында
19-сентябрда (9.00-17.00) — Аманбаев айылында.