18:18
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кышка карата даярдык көрүү, эски электр зымдарын алмаштыруу максатында электр жарыгана чектөө киргизилет.

Саат 9:30дан 19:00гө чейин — Жумабек, Үсөнбаев, Фрунзе, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрү;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин — Кирпичный, Осмонкул, Древесный, Жданов, Абдыкадыров, Торфяный, Суворов көчөлөрү менен Тугучинский туюк көчөсү;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин — Чыгыш-5 кичи районундагы № 23/2 үй;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Достук кичи районундагы № 4 үй;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин — Хабитат, Боталиев, Можайский, Кызыл-Кыя көчөлөрү;

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин — Мостовой, Восточный, Тоголок Молдо, Можайский көчөлөрү менен Снегиревский, Витебск туюк көчөлөрү;

Саат 9:00дөн 13:00гө чейин — Ынтымак жаңы конушунда;

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Киргизия-1 жаңы конушундагы Кожомкулов, Абдрахманов, Жеңиш, Волокаламская көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар