10:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, саат 9:30дан кечки 6га чейин Көк-Жар конушунда (Керемет, Кулмурзаев, Куйручук, Арстанбап, Молдокулов көчөлөрү), Бакай-Ата конушунда (Анар, Кыз-Сайкал, Жийделүү, Байсак, Эр Табылды, Ак уул, Жээк көчөлөрү) жана Дордой конушунда жарык берилбейт.

Саат 09:30дан 12:00гө чейин Жумабек көчөсүндөгү № 9 үй, саат 13:00дөн 18:00гө чейин Абдрахманов (№ 97, 99, 101-үйлөр), Линейная (№ 39), Бөкөнбаев (№ 76,78), Үсөнбаев (№ 3, 24), Шопоков (№ 29, 29/1, 30), Ибраимов (№ 26,28-үй) көчөлөрү, 9:00дөн 18:00гө чейин 7-кичи район (№ 4-үй), 9:00дөн 17:00гө чейин Достук кичи району (№ 1А-үйү), 9:30дан 17:00гө чейин Лагерь, Островский, Матыев көчөлөрү, Лагерь туюк көчөсүндө, саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чоң-Арык айылында, 110-квартал, 9:30дан 18:00гө чейин Тоголок Молдо, Сыдыков, Киев көчөлөрүндө, саат 9:30дан саат 18:00гө чейин Ямбург, Кожобергенов, Мусулманкулов көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар