16:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Башкы штаб 2 колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге 1 күндүк айлык акыларын беришет

Башкы штаб № 30295 аскер бөлүгүнүн жоокери Руслан Сапарбаевге бир күндүк айлык акыларын беришет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган ведомстводон маалымдашты.

Учурда эки колунан тең ажыраган жоокерге протез алып берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Аскер прокуратурасы иликтөөнү акырына чыгарып, ишти сотко өткөрдү. Командирден башка бөлүктүн кызматкерлеринин баары дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышты.

Эске салсак, 19-августта Майлуу-Суудагы аскер бөлүгүндө Руслан Сапарбаевди ток тартып, кесепетинен эки колу кесилди.


Эң көп окулган жаңылыктар