18:58
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи ондоо-түзөө иштеринен өтөт

Тарых музейинин артынан эле Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи ондоо-түзөө иштеринен өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган музейдин терезелериндеги эски жыгач кашектердин ордуна түрк фирмасына таандык алюминден жасалган кашектер орнотулат.

Терезелердин кашектерин алмаштырууга 550 миң сом каралды. Белгилей кетсек, Тарых музейиндеги оңдоо иштери боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар