23:49
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргыз көк-бөрүчүлөрү казак командасы өзбектерге атайын жеңилди дейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк-бөрүнүн күйөрмандары кызуу оюн көрө алышпайт. Казакстандын улакчылары кечээ Өзбекстанга утулуп калды.

Facebook социалдык баракчасында жарыяланган видеодо Кыргызстан Көк-бөрү курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы оюндан кийин казак улакчыларына келип, атайын утулуп бергендигин айтып айыптады.

«Биз Астанада жакшына ойноп бербедик беле? Эмне мынча коркосуңар? Намыс барбы? Өзбектерго утулуп калганыңар уят эмеспи?», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Астанада өткөн таймашта кыргыз улакчылары 4-1 упайы менен жеңилген. Анда айрым күйөрмандар Кыргызстандын Көк-бөрү командасы казактарга атайын утулуп калганын айтып айыпташкан. Оюндан кийин Талас Бегалиев элден кечирим сураган.

Эң көп окулган жаңылыктар